Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Кытайдын аскерлери Тайванга байланыштуу машыгуудан өтүп жатат


Кытайдын аскердик кемеси.
Кытайдын аскердик кемеси.

Кытай Тайвандагы жана анын айланасындагы болжолдуу буталарга сокку уруу боюнча аскердик машыгууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Кытайдын CCTV мамлекеттик каналы билдирди.

Үч күнгө созула турган машыгуулар 8-апрелде башталган. Бээжин муну Тайван президенти Цай Инвэнге “катаал эскертүү” деп атады. Ал өткөн жумада АКШга барып кайткан.

Кытайдын армиясы аралды курчап алуу операциясы үчүн машыгууда. Ишембиде Тайвандын бийлиги Кытайдын 70тей аскер учактары айланып жүргөнүн маалымдаган.

АКШ Кытайды сабырдуулукка чакырды. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Вашингтон Бээжиндин иш аракеттерине дыкат көз салып турарын жана аймактагы коопсуздукту камсыздоого күчү жетерин билдирген.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Кытай Тайванга чабуул койсо, кийлигишерин бир нече ирет эскерткен.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алышына каршы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG