Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Зеленский Рамазан айында ооз ачыруу иш-чарасы салтка айланарын билдирди


Киев, 7-апрель-жыл. 2023-жыл.
Киев, 7-апрель-жыл. 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мусулмандардын Рамазан айындагы ооз ачыруу иш-чарасына (ифтар) катышып, эми бул расмий деңгээлде салтка айланарын билдирди.

Бул тууралуу Украинанын президенттик администрациясы кабарлады. Маалыматка караганда, мусулман аскер кызматкерлеринин, дипломатиялык корпустун жана Крым-татар элинин Межлисинин өкүлдөрү менен бирге ооз ачарга катышкан Зеленский бул ыйык Разамазан айындагы жаңы салттын башталышы болорун айткан.

"Украина үчүн биздин каармандар, азыркы мусулман аскер кызматкерлери, Крым-татар элинин Межлиси, Украинанын бүткүл мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен бирге ушундай ооз ачар салтын баштап жатабыз. Муну менен биз Украина ар бир адамды, ар бир коомчулукту баалай турганын ырастайбыз", - деди Зеленский.

Ал сый-урмат менен бекемделген ар түрдүүлүк эгемен Украинанын мүнөзүнүн бир бөлүгү экенин белгиледи.

"Биздин бул мүнөзүбүз ар дайым бекемделип, жакшы иштерге багыттасын", - деди Украинанын президенти.

Зеленский украин эли менен тынчтыкка аракет кылган, жамандыкка каршы күрөшкөн өлкөдөгү мусулмандарга жана жалпы мусулман коомчулугуна ыраазычылыгын билдирди.

2014-жылга чейин Украина калкынын 1% же 2 миллионго жакынын мусулмандар, көпчүлүгүн крым-татарлары тузгөн. Диний маселелер боюнча эксперттер Украинада ондогон мусулман коомчулугу үчүн диний ырым-жырымдарды аткарууда жана алардын диний каада-салттарын сактоодо олуттуу көйгөйлөр жок экенин айтышат.

2014-жылдан кийин украин мусулмандарынын басымдуу бөлүгү оккупацияланган аймактарда калып, орус жарандыгын кабыл алууга аргасыз болушкан. Орусия жарым аралды ээлеп алганда крым-татарлары каршы чыгышып, куугунтукталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG