Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Запорожье: Орусиянын ракеталык соккусу ата-баланын өмүрүн алды


Запорожье облусундагы ракеталык чабуулдан жабыркаган турак үй. Март, 2023-жыл.
Запорожье облусундагы ракеталык чабуулдан жабыркаган турак үй. Март, 2023-жыл.

9-апрелге караган түнү орусиялык аскерлер Запорожьени дагы аткылады. Бул тууралуу шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.

Маалыматка караганда эки ракета Запорожьенин жеке секторунда жайгашкан турак үйлөрдүн бирине тийген. Натыйжада имарат талкаланган. Жарылуудан улам жакын жайгашкан имараттардын терезелери жана чатырлары сынган.

“Азырынча эки киши набыт болгону белгилүү - бир эркек киши жана анын 2012-жылы туулган кызы. Ал “Тез жардамдын” ичинде ооруканага жетпей үзүлдү”, - деди Куртев.

Анын айтымында, бир аял ооруканага жеткирилип, дагы бирине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аткылоодон улам тутанган өрт турак жайдын 100 чарчы метр аянтын каптаган. Азыр өрт өчүрүлүп, куткаруу иштери толук аяктаган.

Орус күчтөрү Запорожье облусун такай аткылап жатат.

Москва согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери көптөгөн айныгыс далилдерге карабастан, карапайым жарандарды бутага алып жатканын моюнуна албай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG