Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

Чымкентте айдоочусу жок автобус сүзүп, төрт кишинин өмүрү кыйылды


Кырсык болгон жер. Чымкент.
Кырсык болгон жер. Чымкент.

Казакстандын Чымкент шаарында 8-апрелде айдоочусу жок автобус жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, төрт киши каза болду. Кеминде эки киши жараат алды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кырсык кечки саат 18:30дарда “Метро” соода борбору тарапта болгон.

Тергөөнүн маалыматына караганда, автобус ылдыйыш жерден жүрүп барып жолдун четинде турган жүргүнчүлөрдү сүзгөн. Социалдык тармактарда жарыяланган видео, сүрөттөргө караганда айдоочусу жок автобус каршы тилкеге өтүп кеткен.

Полициянын билдиришинче, айдоочу акыркы аялдамадан бурулуп, толук өчүрбөй токтоткондон кийин автобустан түшүп кеткен.

Polisia.kz сайты жазгандай, эки аял жана өспүрүм окуя болгон жерде мүрт кетишкен. Жашы жете элек кыз ооруканада каза болгон. Дагы экөө ооруканада жатат. Жергиликтүү агенттик кырсыктан тогуз киши жараат алганын жазды.

Полиция окуянын жоо-жайын териштире баштады. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киригизилгенин кабарлады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG