Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

БШК: 144 шайлоочу добушканалардан тышкары добуш берди


БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова электрондук добуш берүүнү көрсөтүп берүүдө. 9-апрель. 2023
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова электрондук добуш берүүнү көрсөтүп берүүдө. 9-апрель. 2023

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык 144 шайлоочу добуш берди. Жалпысынан 153 адам шайлоо участокторунан сырткары жайларда добуш берүү үчүн арыз тапшырган.

Кыргызстандын 14 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал үчүн учурда шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлдү. Эртең мененки саат 8:00дөн баштап бардык добушканалар ачылды.

Боршайком билдиргендей, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул өнөктүк алкагында электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулат. Азырынча Баткендеги үч айылда (Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр) мындай мүмкүнчүлүктөн ошол жерде катталган, бирок шайлоо күнү добушканага бара албагандар пайдалана алат.

Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар. Депутаттарды беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү эл шайлайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG