Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:04

Согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилет. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 3-апрелде кол койгонун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

1941-1945 жылдардагы согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сомдон берилет:

  • Согуштун майыптары;
  • Согуштун катышуучулары;
  • Фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарынына;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйлангандарга.

Маалымат боюнча, Жеңиш күнүнө карата Кыргызстанда 68 адам бир жолку материалдык жардам алат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом каралган. Бир жолку материалдык жардам 9-майга чейин банктык эсептерге которулат жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу берилет.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен.

Согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​ (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG