Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:21

"Ата-Бейитте" Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди


“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.

7-апрелде президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик ыңкылабынын курмандыктарын эскеришти.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирип, ага Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана башка кызмат адамдары катышканын кабарлады.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.

Алар 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окушту.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө 90го жакын киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG