Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Иранда полициянын огунан каза тапкан жигиттин туулган күнүндө нааразылык акциясы өттү


Хамидреза Рухи
Хамидреза Рухи

Тегерандын четиндеги Шахр-и Зиба конушунда шаршембинин кечинде нааразылык акциясы өттү.

Катышуучулар өкмөткө каршы митинг учурунда полициянын огунан каза тапкан Хамидреза Рухинин туулган күнүндө аны эскерүү үчүн чогулушкан.

19 жаштагы студент былтыр 18-ноябрда үйүнүн жанында каза болгону кабарланган.

5-апрелдеги акциянын катышуучулары "Диктаторго өлүм!", "Хамидреза тирүү, Хаменеи өлдү", "Эркиндик!" деген ураандарды чакырып жатышты. Аялдар жылаңбаш чыгып, "Аял, жашоо, эркиндик!" деп кыйкырып турушту. Маалыматтарга караганда, акция өткөн жерди коопсуздук күчтөрү катуу кайтарууга алышты.

Маркумдун агасы үй-бүлөсү туулган күнүнө арнап үйүнүн жанына койгон сүрөттү полиция алып салганын социалдык медиа аркылуу маалымдады.

Ислам жумуриятында былтыр күзүндө хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалган студент кыз Махса Амини каза тапкандан кийин бийликке каршы ири акциялар тутанган.

Укук коргоочулар митинг-демонстрацияларда жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды.

Тегеран Батыш мамлекеттерин башаламандык уюштурууда деп айыптаган. Өкмөткө каршы ар кандай акциялар азыр да уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG