Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Эстония санкцияга кирген орус телеканалдарын көрсөткөн 53 порталды бөгөттөдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эстонияда Кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо жана техникалык көзөмөл департаменти Еврошаркеттин санкцияларына кабылган орусиялык телеканалдарды интернеттен көрүүгө шарт түзгөн 53 порталды бөгөттөдү. Бул тууралуу Delfi сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, санкцияларды сактоо жана маалымат мейкиндигин коргоо максатында Таллин ушул кезге чейин орус каналдарын ретрансляция кылган 195 сайтты жана 51 телеканалга бөгөт койду.

Өлкөнүн Башкаруу аппаратынын буюртмасы менен жүргүзүлгөн сурамжылоо көргөзгөндөй, бир жылда орус каналдарын маанилүү маалымат булагы деп атагандар 33төн 11% азайган. Аларга ишенгендердин саны 40тан 18% түшкөн.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин Эстония бир катар орусиялык жана беларус каналдарын көрсөтүүгө тыюу салган. Департамент муну ал каналдардын “тыюу салынган маалымат таратып жаткандыгы” менен түшүндүргөн. Теле кызмат көрсөткөн компаниялар "РТР Планета", "НТВ Мир", "НТВ Мир Балтия", "Беларус 24", "Россия 24" (ВГТРК) жана "ТВ Центр International" каналдарын көрсөтпөөгө милдеттендирилген.

Бир нече орус тилдүү каналдарга уруксат берилген.

Буга чейин Литванын тиешелүү мекемеси дагы Еврошаркеттин санкцияларына кабылган орусиялык телеканалдарды интернеттен бөгөттөө көрсөтмөсүн берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG