Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Машиев “Акун” пансионаты мамлекетке өткөрүлбөгөнүн билдирди


Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун Ысык-Көл" пансионаты.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун Ысык-Көл" пансионаты.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары Медер Машиев 5-апрелде Жогорку Кеңештин сессиясында “Акун” пансионатына байланышкан талаш тууралуу маалымат берди:

“Акун” мамлекетке кайтарылган жок. Мүмкүн башка кылмыш иштери боюнча иш каралып жаткандыр. Менчиктештирүү маселеси жок жана бизден эч кандай материал сурашкан жок”, - деди Медер Машиев.

Былтыр декабрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусундагы “Акун” пансионатына 17,65 гектар жер менчикке мыйзамсыз берилгенин билдирген. 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту пансионатка Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын жарыялаган, 371 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылган деп маалымдаган.

“Акун” Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынганын жазган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG