Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайтты


Олег Бондаренко.
Олег Бондаренко.

4-апрелде Бишкекте жазуучу, редактор, “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтынын негиздөөчүсү, теги украиналык Олег Бондаренко каза тапты.

Ал 1960-жылы Украинада жарык дүйнөгө келген. 1982-жылы Донецк университетинин каржы жана насыя бөлүмүн аяктаган. 1992-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкекте жашады. Ар кандай басылмаларда кабарчы болуп да эмгектенген.

Замандаштарынын маалыматына караганда, маркум акыркы жылдары рак (ашказан рагы)менен ооруп жүргөн.

2008-жылы “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтын негиздеп, жазуучулар үчүн чыгармаларын жарыялоого мүмкүнчүлүк берген онлайн аянтча түзгөн. Борбор Азиядагы ачык онлайн-китепканага айланган сайтты өмүрүнүн аягына чейин иштетти.

2010-жылы Китеп чыгаруучулардын жана китеп жайылтуучулардын ассоциациясын башкарган.

Философиялык жанрдагы илимий иштердин үстүнөн иштеп, “Өмүр. Эволюция. Панволюция”, “Жылдыздар жана арбактар”, “Этностун аман калуу философиясы” сыяктуу 10 чакты китеп чыгарган. (BTo/NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG