Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Айзаданын өлүмү: адвокат кылмыш иштин мөөнөтү ушул айда бүтөрүн айтты


Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте өткөн нааразылык акциясы.
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте өткөн нааразылык акциясы.

Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши аягына чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Ал окуядан эки жыл өтсө да жыйынтык чыкпаганын, милиция кызматкерлерине чара көрүлбөй жатканын айтты.

“Бир ай мурун “иш тергелип атат, күнөөлүү адамдар жоопко тартылат” деп жооп беришкен. Апрелде кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетет. Эми “мыйзам боюнча жоопко тарта албайбыз” деп ишти токтотуп коюшат окшойт. Азырынча кимди жоопко тартат, маалымат жок”.

ИИМ тараптан азырынча комментарий ала элекпиз.

2021-жылы 5-апрелде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы топ адамдар күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмү боюнча иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Видео далил бар экенине жана күбөлөрдүн кайрылууларына карабастан бул окуя Айзаданын өлүмү менен аяктагандыктан, милиция кызматкерлерине 2021-жылы 8-апрелде “Шалаакылык” беренеси менен иш козголгон. Маркумдун жакындары, жактоочулар милиция кызматкерлери жазаланбай жатканын айтып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG