Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Косоводогу согуш кылмыштары боюнча сотто Тачи күнөөсүн моюнга алган жок


Косовонун экс-президентин колдогондордун акциясы. Гаага, 3-апрель, 2023-жыл
Косовонун экс-президентин колдогондордун акциясы. Гаага, 3-апрель, 2023-жыл

Гаагада 3-апрелде Косоводогу согуш кылмыштары боюнча соттук угуулар башталды. Жарым-жартылай таанылган жумурияттын экс-президенти Хашим Тачи мурдагы Югославиядагы куралдуу жаңжал маалындагы адам өлтүрүү, кыйноолор жана куугунтуктар үчүн күнөөлүү эместигин билдирди. Калган үч айыпталуучу Якуп Красничи, Кадри Весели жана Режеп Селими да күнөөсүн моюнга алган жок.

Төртөө тең косоволук албандардын Боштондук армиясынын жетекчилигине кирчү. Армия 1990-жылдардын аягында куралдуу күрөш аркылуу Югославиядан көз карандысыздык алууну көздөп келген. Югославия армиясынын жана серб полициясынын Косоводогу аракеттери кан төгүү, адам укуктарынын бузулушу менен коштолгон. Жаңжалда 13 миңдей киши, көбү этникалык албандар каза тапкан. Миллионго жакын албан өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон.

Прокурорлордун пикиринде, согуш кылмыштары үчүн жоопкерчилик мурдагы жикчилдерге дагы жүктөлөт. Алар 1998-99-жылдары Косоводо жана Албаниянын түндүгүндө жүздөгөн кишинин көзүн тазалоо жана мыйзамсыз кармоолор үчүн айыпталууда.

2020-жылдын 5-ноябрында Гаагадагы эл аралык сот Тачини адамзатка каршы жана согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү деп тапкан. Ошол эле күнү саясатчы кызматынан кеткен жана камакка алынган.

Жекшембиде Косоводо айыпталып жаткандарды колдоо акциясы өттү. Катышуучулар трибунал Косовонун эгемендик үчүн күрөшүнүн тарыхын кайра жазып чыгууга аракеттенүүдө деп айыпташты. 3-апрелде нааразы тарап Гаагадагы соттун алдына да чогулушту.

Негизинен этникалык албандар байырлаган Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан көз каранды эмес деп жарыялаган. Анын эгемендигин 100 чакты мамлекет тааныган. Орусия, Индия жана Кытай ал тизмеде жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG