Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Кыргызстандын футбол чемпионаты башталды


“Алай” жана “ОшМУ-Алдиер” командаларынын беттеши, Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион. 2-апрель, 2023-жыл.
“Алай” жана “ОшМУ-Алдиер” командаларынын беттеши, Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион. 2-апрель, 2023-жыл.

Жекшембиде футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты - Премьер-лиганын оюндары башталды. 2-апрелде биринчи турдун оюндар өтүп, “Абдыш-Ата” менен “Талант” командасы 0:0 тең ойносо, “Алай” командасы “ОшМУ-Алдиерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы жалгыз голду “Алай” командасынын оюнчусу Рыскелди Артыкбаев 82-мүнөттө киргизди.

Бүгүн, 3-апрелде “Алга” - “Кара-Балта” командалары, “Нефтчи” менен “Илбирс”, “Мурас Юнайтед” -“Дордой” беттешет.

“Абдыш-Ата” жана “Талант” командаларынын беттеши. Кант шаары. 2-апрель, 2023-жыл.
“Абдыш-Ата” жана “Талант” командаларынын беттеши. Кант шаары. 2-апрель, 2023-жыл.

Быйылкы өлкө чемпионатына 10 команда катышууда.

  • “Абдыш-Ата” (Кант шаары)
  • “Алай” (Ош шаары)
  • “Алга” (Бишкек шаары)
  • “Дордой” (Бишкек шаары)
  • “Илбирс” (Бишкек шаары)
  • “Кара-Балта” (Кара-Балта шаары)
  • “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары)
  • “Нефтчи” (Кочкор-Ата шаары)
  • “ОшМУ-Алдиер” (Ош шаары)
  • “Талант” (Чүй облусу).

Чемпионатка “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары) менен “ОшМУ-Алдиер” (Ош шаары) командалары жаңыдан кошулду. Ал эми Баткен облусунан чыккан “Нур-Баткен” командасы быйылкы чемпионатка катышкан жок. Былтыр аталган команда Премьер-лигада дебют жасап, 27 турда 35 упай топтоп, жетинчи орунду ээлеген.

Премьер-лиганын оюндары 27 турдан турат. Командалар айлампа иретинде ойноп, жыйынтыгында жадыбалда эң көп упай топтогон команда чемпион болот. Быйыл лиганын оюндарын Кыргыз спорт тв каналы чагылдырат.

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты – Премьер-лига 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет. “Дордой” футбол клубу эң көп чемпиондукту уткан (13)команда саналат. Экинчи орунда Бишкектин “Алга” командасы (5), үчүнчү орунда Оштун “Алай” футбол клубу төрт ирет өлкө чемпионатын жеңген.

Учурдагы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону “Абдыш-Ата” клубу. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG