Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Финляндияда парламенттик шайлоодо оппозициялык партия алдыга чыкты


Санна Марин жана Петтери Орпо.
Санна Марин жана Петтери Орпо.

Алдын ала эсеп боюнча Финляндияда 2-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо Петтери Орпо жетектеген оппозициялык Улуттук коалициялык партия анча чоң эмес айырма менен жеңишке жетиши мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү Yle телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук коалициялык партия парламентте 48 орун алат деп күтүлүүдө. Бул улутчул “Чыныгы финдер” партиясы алган мандаттан эки орунга көп. Финляндиянын азыркы премьер-министри Санна Мариндин Социал-демократиялык партиясы 43 мандат алат. Парламентте жалпы 200 орун бар.

Associated Press агенттиги өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 97% ашыгын санап бүткөнүн, анын жыйынтыгында Улуттук коалициялык партия шайлоочулардын 20,7% добушун алганын жазды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкса, Петтери Орпого коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү берилет.

2019-жылы өкмөттүн башына келген Санна Марин ошол учурда дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр болгон. Санна Мариндин тушунда өлкө НАТОго кирүү процессин баштады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG