Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Түркиянын президенти Финляндияны НАТОго кошуу чечимин бекитти


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон Финляндияны НАТОго кошуу тууралуу парламенттин чечимин бекитти. Мунун алдында, 30-мартта түрк парламенти Финляндиянын аталган альянска киришин бир добуштан колдогон.

Финляндиянын өзү Түндүк Атлантика биримдигине кошулууга талап кылынган бардык шарттарды кабыл алган. Эми расмий түрдө июлда Литвада НАТОнун саммитинде мүчө болуп кириши каралып жатат.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия менен чогуу НАТОго кирүү арызын берген Швециянын тагдыры белгисиз. Венгрия менен Түркия бул өлкөнүн уюмга кирүүсүнө байланыштуу токтомду ратификациялабай, бир катар талаптарды койгон. Анкара швед бийлиги Түркияда террорчулукка айыпталып, Швецияда бозгунда жүргөн күрт активисттерин берүүнү талап кылып келет.

НАТО ратификация жараяны Вильнюстагы саммитке чейин аяктап каларына үмүт артууда. Болбосо Финляндия уюмга Швециясыз мүчө болуп кириши мүмкүн.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия бейтарап саясатты карманып келген. СССР ыдырап, Варшава келишими уюму жоюлса да, фин бийлиги бейтараптыкты сактап келди. 2022-жылы февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин көпчүлүк фин саясий күчтөрү бейтараптуулуктан баш тартып, НАТОго мүчө болуу менен гана өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик болот деп чечкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG