Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:15

Украина Медведев менен Кабаеванын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салды


Дмитрий Медведев жубайы менен, архивдик сүрөт.
Дмитрий Медведев жубайы менен, архивдик сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык жарандарга жана мекеме-ишканаларга каршы кезектеги санкция тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, “кара тизмеге” 33 адам жана 200дөн ашык компания кошулду.

Документте Орусиянын мурдагы презденти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Владимир Медведевдин жубайы менен уулу бар. Ошондой эле санкцияга орус президенти Владимир Путин менен мамилеси бар делген Олимпиада чемпиону Алина Кабаеванын энеси дагы кирди.

Санкцияга Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кыздары, бир катар аймактын башчылары, ири ишканалардын жетекчилери дагы илинди. Ошондой эле Финансы министрлиги, Федерация кеңеши дагы киргизилди.

Москва Киевдин жаңы санкциялык тизмеси тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери бир катар өлкөлөр орус бийлик өкүлдөрүнө жана алардын жакындарына, жарандарына жана ишканаларына каршы санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG