Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Активист Болот Ибрагимов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды


Болот Ибрагимов.
Болот Ибрагимов.

Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады. Ибрагимовду дайындоо жарлыгына президент бүгүн, 31-мартта кол койгон.

Ал коррупция менен күрөшүү боюнча маселелерде кеңеш бере турганы айтылды.

Болот Ибрагимов "Эл Үмүтү" саясий партиясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоого катышкан.

Социалдык тармактарда жол эрежесин бузган айдоочулар жана жол көзөмөл кызматтарын видеого тартып чыгарган блоггер катары таанымал. 34 жашта, кесиби боюнча программист. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG