Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Бажы кызматы Беларуста кармалып турган автоунаалар боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Улан Кимсанов Беларуста кармалып турган автоунааларды ташуучу ишкерлерге жолугуп сүйлөштү.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 30-мартта өткөн жолугушууда Кимсанов ишкерлерге бул жагдай боюнча Кыргызстандын Бажы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

"Видеоконференция жана телефон аркылуу беларус бажы кызматы менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда биз Беларуста кармалып турган Кыргызстанга багытталган автоунаалар боюнча маселени тез арада чечүүнү сүйлөштүк", - деди ал.

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашуун автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турганын "Азаттыкка" машине ташып иштеген ишкелер билдиришкен. Алардын бири ишкер Данияр Сакаляев бажы кызматынын төрагасынын орун басары менен жолугушуу болгонун ырастады. Анын айтуусунда, жолугушууда эки өлкөнүн Бажы кызматтары бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат алышты.

"Беларус бажы кызматы биздикилерге бир аз туура эмес маалымат берип, 50 чакты гана автоунаа кармалып турат деп айтышыптыр. Биз 500дөн ашуун экенин айттык. Мындан тышкары автоунаалардын баалары документте төмөндөтүлүп көрсөтүлгөнүн себеп кылышкан экен. Биз иштин чоо-жайын ачыктап, колубуздагы бардык документтерди көрсөттүк. Бажы кызматынын жетекчилиги иш көзөмөлүндө болорун айтышты".

Беларуста автоунаалары кармалып турган ишкерлер бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБ алкагында кароону, уюмдун экономикалык комиссиясына алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранышкан.

Беларус бажысы Кыргызстанга ташылып келаткан автоунаалардын баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгени үчүн тиешелүү анализ жүргүзүү мезгилинде кармалып турганын Кыргызстандын Минскидеги элчилигине маалымдаганы кабарланган.

АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар. Бир жыл мурдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG