Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Зеленский: Украина Бахмутту колдон чыгарбоого тийиш


Бахмут шаары. 26-март, 2023-жыл
Бахмут шаары. 26-март, 2023-жыл

Украин армиясынын командачылыгы жоокерлери Бахмут шаарына бир нече чабуулдун мизин кайтарганын шаршембиде эртең менен билдирди. Маалыматка караганда, акыркы каршы тарап 24 саатта Бахмут, Авдеевка, Маринка жана Лиманга 57 жолу чабуул койгон. Орус аскерлери майданда абадан 18 сокку урганы, үч ракета атканы жана артиллериядан аткылаганы кабарланды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Түштүк тарапта орус күчтөрү Херсонду аткылоону улантканын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, турак жайлар, оорукана жана фабрика бутага алынган.

Ал арада президент Владимир Зеленский Украина Бахмутту кандай болбосун, колдон чыгарбоого тийиш деп билдирди. Ал орус президенти Путин Бахмуттагы жеңишти Украинаны оор компромисстерге барууга аргасыз кыла турган тынчтык келишимине эл аралык колдоо табууда трамплин катары колдонушу ыктымал деп эскертти.

Бул тууралуу украин лидери The Associated Press агенттиги 29-мартта жарыялаган маегинде айтты.

Украин армиясынын командачылыгы алардын контрчабуулдары алыс эмес экенин, ошол эле учурда Бахмутту көзөмөлдөн чыгарбоону максат кылганын билдиришүүдө.

Украин куралдуу күчтөрү 28-мартта Батыштан көптөн бери убада кылынган жабдууларды, анын ичинде германиялык Leopard 2 танктарын алганын жарыялады.

28-мартта Зеленский кечки видео кайрылуусунда Орусиянын агрессиясын токтотуу үчүн дүйнө тезирээк жана чечкиндүү аракет кылышы керектигин кайталаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG