Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Amnesty International: Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелүүдө


Amnesty International уюмунун эн белгиси
Amnesty International уюмунун эн белгиси

Эл аралык Amnesty International уюму 2022-2023-жылдарга дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады.

27-мартта чыккан баяндаманын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө сөз эркиндигин чектеген аракеттер, журналисттерге каршы коркутуулар, айрым басылмалардын сайттарынын бөгөттөлүшү, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзамдардын сунушталышы, гендердик зомбулукка көңүл бурулган.

Эл аралык уюм бийликти сындаган саясатчылардын, активисттердин жапырт кармалышын, “Азаттык Медианын” сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшүн, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышын, Украинадагы согушка каршы активисттерге Орусиянын элчилигинин алдында акция өткөрүүгө тыюу салынышын, Бишкектин бир канча жеринде тынч митингдерге чектөө киргизилишин, акция өткөргөндөрдүн кармалышын, айыппул салынышын жана башка мисалдарды - жарандардын укуктарын чектөө катары сыпаттаган.

Өлкөдө зомбулук көргөн аялдардын маселеси да курч экени айтылат. Сентябрь айында өкмөт 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясына жана 2022-2024-жылдарга Улуттук иш-аракеттер планына кол койгону да белгиленген.

Документте Кыргызстандын жабык жайларындагы шарт начардыгы айтылат.

Кыргыз бийлиги Amnesty International уюмунун баяндамасына комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG