Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:49

Прокуратура Чүйдө 66 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгенин маалымдады


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Чүй облустук прокуратурасы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жарлыктын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерип, 66,8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин аныктады.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

"Текшерүүдө аталган комиссиянын мүчөлөрү, бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекетке тиешелүү 66,8 гектар айыл чарба багытындагы жердин документтерин мыйзамсыз жасап, жеке адамдардын менчиги катары каттатышкан. Кийин документтерди калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушканы аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Көзөмөл орган мыйзамсыз жер сатууда мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгенин белгиледи. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Прокуратура кылмышка шектүүлөрдүн атын атаган жок.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Жер мунапысынын алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Бишкек шаарында бүгүнкү күнгө карата 486 адамдын документи боюнча оң чечим кабыл алынганын 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG