Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Зеленский Запорожьедеги майдан тилкесине барып кетти


Славянск шаары соккудан кийин. Донецк облусу, 27-март 2023-жыл
Славянск шаары соккудан кийин. Донецк облусу, 27-март 2023-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө түштүктөгү Запорожье аймагындагы аскерлердин позицияларына барып кетти.

Бул тууралуу мамлекет башчынын кеңсеси билдирди. Маалыматка ылайык, Зеленский жоокерлер менен баарлашып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент фронттогу кырдаал, аскерлерди ок-дары, техника менен камсыздоо иштери жөнүндө маалымат алды.

Ал арада Донецк облусунун украин армиясынын көзөмөлүндөгү Славянск шаары аткылоого туш болгону кабарланды. Жергиликтүү бийлик орус аскерлери шаарга С-300 ракеталарын атканын билдирди. Бери дегенде бир кишинин мерт болгону, 25 кишинин жараат алып, кыйроолор катталганы маалымдалды.

Бахмуттун түштүк тарабындагы Дружковка шаарчасы да ракета соккусуна кабылган. Андан балдар үйү урап калганы, бирок жабыркагандар болбогону кабарланды.

Москва далилдерге карабай жарандык жайларды бутага албаганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG