Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Евро-2024: Казакстандын футболчулары Данияны 3:2 эсебинде утуп алды


Казакстандын курама командасы жеңиштен кийин. Астана. 26-март, 2023-жыл
Казакстандын курама командасы жеңиштен кийин. Астана. 26-март, 2023-жыл

Казакстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2024-жылкы Европа чемпионатынын тандоо турунда тажрыйбалуу Даниянын курамасын 3:2 эсебинде утуп алды. Спорт серепчилери муну сенсациялуу жеңиш деп аташты.

26-мартта Астанада өткөн беттеште адегенде даниялыктар 2:0 эсебинде утуп келе жатканы менен казак футболчулары үч жолу гол киргизүүгө жетишти. Бул казакстандык команданын иргеп алуу айлампасындагы алгачкы жеңиши. Эми алар 17-июнда Сан-Марино менен беттешет.

Ушул эле күнү Англиянын курама командасы экинчи айлампада Украинаны өз талаасында 2:0 эсебинде утуп алды.

Лондондогу беттешке Англиянын футбол ассоциациясы миңден ашуун украиналык качкынды жана аларды кабыл алган жергиликтүү үй-бүлөлөрдү атайын конок катары чакырган.

Оюндун алдында англиялыктар атаандаш команда менен чогуу сүрөткө түшүп, украин желегин жана “Тынчтык" деген плакатты көтөрүп турушту.

Украина эми июнда Түндүк Македония менен беттешмекчи. Орусия согуш башталганда дүйнөлүк футбол мелдештеринен четтетилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG