Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Израилдин коргоо министри кызматтан алынды


Израилдеги сот реформасына каршы нааразылык акциясы.
Израилдеги сот реформасына каршы нааразылык акциясы.

Жекшембиде Израилдин коргоо министри Йоав Галант өкмөткө сот реформасын токтотууну сунуштап, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөнүн айтып чыкты.

Галант бул жараянды кеминде бир нече айга токтотууну, өлкөнүн армиясы менен коопсуздук кызматтарында да нааразылык бар экенин белгиледи. Аны оппозициянын лидери, Израилдин мурдагы премьер-министри Яир Лапид да колдоду. Ал Галанттын билдирүүсүн "өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл болгон чечкиндүү кадам" деп атаган.

Буга жооп иретинде Изарилдин премьер-минстри Биньямин Нетаньяху Галантты кызматтан алды. Бул тууралуу жекшембиде кечинде The Jerusalem Post басылмасы жазды. Нетаньяху коргоо министрине ишеним кеткенин айткан.

Жекшембиде өлкөдө нааразылык жүрүштөрү уланды. Тель-Авивде демонстранттар ири жолдордун бирин бөгөп алган. Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштаган соттук реформаларга каршы митингдердин башталганына 10 апта болду. Жаңы реформага ылайык, Жогорку Соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктап калат. Мындан сырткары, сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Каршылыкка чыккандардын пикиринде, бул соттордун көз карандылыгын толук жоготууга алып келет.

Парламент мыйзам долбоорун келерки аптада карайт деп күтүлүүдө

Былтыр октябрда өткөн шайлоодо Ликуд партиясы жеңип чыгып, анын башындагы Биньямин Нетаньяху Израилдин премьер-министри болуп кайра шайланган. Ал өзүнүн карьерасында ушуну менен алтынчы жолу өкмөттү жетектеп жатат. Нетаньяху соңку нааразылыктарды анын кызматтан кетирүүнү каалагандар уюштуруп жатат деп эсептейт. Ага учурда коррупция боюнча үч кылмыш иши козголгон, ал өзү мындагы айыптарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG