Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

АКШ: Миссисипи штатындагы катуу бороондон 23 адам набыт болду


Катуу бороондун кесепети.
Катуу бороондун кесепети.

Американын Миссисипи штатында ишембиге караган түндө болгон бороондон кеминде 23 адам набыт болду. Ондогон адамдар жаракат алып, бир нече адам дайынсыз болууда.

Катуу бороондон негизинен чакан шаарлар жабыркаганы кабарланды. Бак-дарактар тамыры менен жулунуп, электр жарыгы жана башка коммуналдык байланыштар токтоду.

Миссисипинин батышында жайгашкан Роллинг Форк шаарынын мэри "Биздин шаар дээрлик жок болду" деп айтты. 1700 чамалуу тургуну бар шаарда дээрлик бардык үйлөр кыйрап калды.

Чакан Силвер-Сити шаары да Роллинг Форк сыяктуу эле кыйраганы, Винона жана Амори шаарлары да катуу жабыркаганы кабарланууда.

"Америка авазы" радиосу маалымдагандай, жабыркагандарга издөөчү-куткаруучу командалары жана кошумча "Тез жардам" экипаждары бөлүндү. Үй-жайсыз калгандарга жардам берүү үчүн каражат чогултулуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG