Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Жарандык активист Афтандил Жоробеков милицияга суракка чакыртылды


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков милицияга суракка чакыртылганын "Азаттык" радиосуна өзү ырастады.

Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына Октябрь райондук милициясынан келген чакырууну жайгаштырды. Анда ал 26-мартта суракка күбө катары келиши керектиги жазылган. Кайсы ишке күбө катары өтүп жатканы так көрсөтүлгөн эмес.

Афтандил Жоробеков Фейсбук баракчасына жайгаштырган чакыруу.
Афтандил Жоробеков Фейсбук баракчасына жайгаштырган чакыруу.

Активист суракка чакырууга социалдык медиадагы посттору себеп болушу мүмкүн деген пикирде. Милиция бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Жарандык активист, "БеспределKG" баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду 2019-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камакка алган.

Атайын кызмат ага "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып койгон.

Жоробеков модераторлук кылган "БеспределKG" баракчасына ошол кезде Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

Активистти камакка алган чечим жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары активистти эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Ошол жылы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон. 2020-жылы май айында ага карата козголгон кылмыш иши Жазык-процессуалдык кодекстин "Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар" деген беренесинин негизинде токтотулган.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым болбосун айткан. Бирок соңку бир-эки жылда блогерлер, жарандык активисттер суракка чакыртылып же камакка алынган бир нече учур катталды.

Бийликтин соңку кадамдарын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып келе жатышат. Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келет. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG