Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Мас абалында автоунаа айдаган сот өз арызы менен иштен кетти


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков (оңдо) баштаган кеңешме соттордун арызын карап жатат.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков (оңдо) баштаган кеңешме соттордун арызын карап жатат.

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев мас абалда автоунаа айдаганы үчүн кечирим сурап, өз арызы менен иштен кетти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков да соттук процесске катышкан тараптарынын бирине соттун аныктамасын бербегени үчүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Алардын ишине байланыштуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ыкчам кеңешме өткөргөн. Жыйындарда аталган судьялар сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алган.

Бул кеңешмеде мындан сырткары Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергенине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Каракол шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 8-мартта "Тойота Виш" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун кармашкан. Айдоочу Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы, 1974-жылы туулган Жеңишбек Барынбаев болуп чыккан. Медиктер анын канында алкоголь бар экенин ырасташкан.

Айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөн. Жаңы мыйзамга ылайык, анын айдоочулук күбөлүгү да алынышы керек болчу. Каракол шаардык сотунун судьялары өз кесиптешинин ишин карап, чечим чыгарбай, протоколду Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайра жөнөтүп жиберген. Иштин материалдары Ысык-Көл облустук сотуна жөнөтүлгөн.

4-мартта президент Садыр Жапаров Бишкекте сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, бул тармак өнөкөт терс көрүнүштөрдөн толук арылбай жатканын айткан. Ал 2022-жылы Судьялар кеңешине келген кайрылуу, даттанууларды талдоонун жыйынтыгы менен 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзамды бузганы эки судья кызматынан бошотулуп, дагы эки судьяга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берилгенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG