Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:20

Башкы прокуратура: "Бишкекасфальтсервисте" 7,6 миллион сомдук жемкорлук аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасындагы 2020-2022-жылдардагы жемкорлукка байланыштуу кылмыш иши козголгонун бүгүн 24-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аталган ишкананын жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда көрүү максатында кызматтык абалынан пайдаланып, тоорук сынагын өткөрбөстөн жана тийиштүү документтерди толтурбастан 2020-2022-жылдар аралыгында башкалар аркылуу 7,6 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын өзүнө алып алышкан.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу” беренелеринин негизинде козголду.

Ишканадагы текшерүү жемкорлукту аныктоо жана автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөнү белгилүү болду.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG