Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Иранда тыңчылыкка айыпталган беш киши өлүм жазасына өкүм кылынды


Ирандын Урмия шаарында 5 киши Израилдин кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен өлүм жазасына өкүм кылынды.

Норвегияда жайгашкан Hengaw деген укук коргоочу уюм билдиргендей, арасында Мансур Расули бар, дагы беш ирандык ушул эле ишке байланыштуу узак мөөнөткө абакка кесилди.

Былтыр Израилдин маалымат каражаттары Моссад коопсуздук кызматынын агенттери Ислам революциясынын сакчылары корпусунун мүчөлөрүн Ирандын ичинде кармап, суракка алганын жазышкан. Кийин чыккан видеодо Мансур Расули деген киши Стамбулдагы израилдик дипломатты, Германияда жайгашкан америкалык генералды жана франциялык журналистти өлтүрүүнү көздөгөнүн моюнга алган.

Иран менен Израил көп жылдан бери көмүскө согуш жүргүзүп келатат, ортодогу чыңалуу барган сайын курчуп жатат.

Өткөн ноябрда Mehr News жарым-жартылай расмий агенттик Иранда Израил менен кызматташкан 4 киши өлүм жазасына өкүм кылынганын кабарлаган. Алар Моссаддын жардамы менен Иранда айрым кишилерди суракка алышкан деп айыпталган.

Сентябрдан бери Ислам жумуриятында камакта каза тапкан Махса Амининин өлүмүнөн кийин нааразылык акциялары уланып келатат. Студент кыз хижаб кийүү эрежесин бузган деген доомат менен кармалган.

Тегеран акцияларды Израил, АКШ жана башка Батыш мамлекеттери уюштурду деп айыптап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG