Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Украина Словакиядан МиГ-29 истребителдерин алды


МиГ-29 истребители. Словакия. Архивдик сүрөт
МиГ-29 истребители. Словакия. Архивдик сүрөт

Словакия Украинага төрт даана МиГ-29 истребителин өткөрүп берди. Согуш тутангандан бери Киев чет жактан аскердик учактарды алганы биринчи жолу кабарланды. Украин бийлиги былтыркы февралдан бери Батыштан авиациялык техника сурап келет.

Братислава жалпысынан советтик 13 истребителди берүүнү пландап жатканын, адегенде төрт даана жөнөтүлгөнүн коргоо министри Ярослав Надь Фейсбукка жазды. Калгандары бир нече жуманын ичинде берилимекчи.

Украин аба күчтөрү аталган МиГ-29 учактарын колдонуп келет, аларды башкара ала турган пилотторду даярдоо системасы жолго коюлган. World Air Forces 2022 маалымдамасында көрсөтүлгөндөй, согушка чейин ал өлкөдө 51 даана учак бар болчу.

Жакында Украинаны ушундай эле истребителдер менен Польша дагы камсыз кылганы жатат.

Мурда бул өлкөлөр Батыштагы өнөктөштөрү менен макулдашуу керек деген негизде аскердик учактарды берүүдөн карманып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG