Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:56

Бишкекте эс алуу бакчасын ачууга даярдык көрүлүүдө


Бишкек. Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсү менен кесилиши. Жаңы дизайн.
Бишкек. Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсү менен кесилиши. Жаңы дизайн.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы бир чакан эс алуу бакчасы ачылганы жатканын бүгүн 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөр жана тосмолор алынып, азыркы тапта тазалоо иштери жүрүп жатат.

Борбор калаанын башкы архитектура мекемеси мэриянын тапшырмасы менен ал жерди жаңылоо боюнча долбоор иштеп чыгып, шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров аны менен жеринен таанышты.

Заманбап дизайнга ылайык бак-дарак отургузулуп, коомдук даараткана ачылып, отургучтар жана гезит, гүл сатыла турган күркөлөр орнотулары маалымдалды.

Аталган тилкеде шаардын ар тарабына каттаган коомдук транспорт токтоочу аялдамалардын бири жайгашкан. Алгачкы күркөлөр ал жерде өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында пайда болуп, түрдүү майда курулуштар шаардын эстетикалык көркүн бузуп жатканы көптөн бери айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG