Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Швециянын парламенти өлкөнүн НАТОго кошулушун жактырды


Швециянын жана НАТОнун желеги.
Швециянын жана НАТОнун желеги.

Шаршемби күнү Швециянын парламенти - Риксдаг өлкөнүн НАТОго кошулушуна уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Документти 269 депутат колдоп, 37си каршы чыкты.

Швеция НАТОго кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү былтыр Орусия Украинага басып киргенден кийин баштаган. Учурда НАТОнун 30 өлкөсүнүн ичинен 28и Швециянын Түндүк атлантикалык альянска кошулуусу жөнүндөгү келишимди ратификациялады. Венгрия жакын арада колдойт деп күтүлүүдө. Түркия Швециянын НАТОго кирүүсүнө макулдук бере элек.

Швед парламентинин добушу өлкөнүн 200 жылдан ашуун созулган бейтараптыгы аяктаганын расмий бышыктайт.

Швеция Орусия Украинага басып киргенден кийин коңшусу Финляндия менен бирге НАТОго кошулуу жараянын баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG