Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

УКМК кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтар тарап жатканын билдирди


Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча жергиликтүү калктын ичинде такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар көп тарап жатканын билдирди.

Мекеме жарандарды ар кандай ушак-айыңдарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырып, 22-мартка карата мамлекеттик чек арада абал туруктуу экенин кабарлады.

“Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө. Чек араны биргелешип кайтарууну жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү Тажикстандын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп турушат”, - деп айтылат маалыматта.

10-16-март күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болгон.

Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG