Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилди


Баалуу металлды ээритүү иши. Иллюстрациялык сүрөт.
Баалуу металлды ээритүү иши. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди.

Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анын негизги максаты - ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо.

Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 кг чектөө киргизилди. Ал алты ай күчүндө болот.

Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министрлер кабинети баалуу металлдарды жана кара металлдын сыныктарын, калдыктарын ташып чыгууга былтыр август айында да алты айга убактылуу тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG