Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Депутат балдарга зыяндуу маалымат тараткандарга айып салууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева балдардын психикасына терс таасир этүүчү маалыматтарды тараткандарга айып пул салууну сунуштап жатат.

Эл өкүлү "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине жана "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, ал коомдук талкууга чыгарылды.

"Мыйзам долбоору балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психикалык жана социалдык жактан ден соолугун камсыздоо, сактоо жана бекемдөө үчүн коопсуз маалымат чөйрөсүн түзүү максатында иштелип чыкты... Дүйнөлүк изилдөө практикасында көп убакыттан бери адамга тийген терс маалыматтын таасири, атап айтканда зомбулукту, баңгизат, порнография, терроризм, экстремизм ж.б. пропагандалоо темасындагы көптөгөн изилдөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалымкат негиздемеде.

Депутат балдардын ден соолугуна зыян келтирген маалыматтарды (зомбулук, катаал мамиле, маңзат, тамеки, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү) тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салууну сунуштоодо. Буга ушул багытта жазган массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы пикирлер дагы кириши ыктымал.

Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий алганда маңзатка берилгендер 25 миңден ашуун экени эсептелген. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө.

Расмий маалыматта Кыргызстанда маңзат колдонгондордун курагы орточо 20 жаштан 44кө чейин. Анткен менен адистер соңку жылдары алты-жети жашынан баштап клей жыттаган токсикомандар көбөйгөнүн айтууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG