Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Мамдепартамент адам укуктары тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады.

Анда орусиялык күчтөрдүн Украинадагы кылмыштуу аракеттери, Иран бийлигинин тынч демонстранттарга каршы куугунтугу, "Талибан" өкмөтүнүн ооган кыз-келиндердин укугун чектеген чечимдери, Кытайдагы уйгурлардын абалы тууралуу сөз болот.

Кыргызстанда жабык жайлардагы кыйноолор уланып, басма сөз эркиндиги чектелип жатканы да баса белгиленген.

Кошмо Штаттардын башкы дипломаты Энтони Блинкен Мамлекеттик департаменттин 2022-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалын талдаган жылдык баяндамасын 20-мартта Вашингтондо жарыялады.

Анын айтымында, былтыр дүйнөнүн дээрлик ар бир регионунда адам укуктары жаатында артка чегинүүлөр, жарандык эркиндик чектелген жана адамдын ар-намысы басмырланган учурлар катталды.

Кытай жана Иран сыяктуу адам укуктары одоно бузулган өлкөлөрдүн бийлиги Батыштын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын бул өңдүү айыптоолорун четке кагып келет. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын баяндамасын "саясатташкан калп жана идеологиялык стереотиптерге шыкалган" деп мүнөздөдү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Адам укуктары боюнча баяндамасы дээрлик 50 жылдан бери дүйнөнүн 200 чукул мамлекетиндеги жана аймактарындагы адам укуктарынын абалын талдоого алып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG