Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

БУУ эксперти: Иранда адамзатка каршы кылмышка тете мыйзам бузуулар болуп жатат


Ирандын Улуттук каршылык көрсөтүү кеңешинин жактоочулары нааразылык акциясына катышууда, Брюссель, Бельгия, 20-март, 2023-жыл.
Ирандын Улуттук каршылык көрсөтүү кеңешинин жактоочулары нааразылык акциясына катышууда, Брюссель, Бельгия, 20-март, 2023-жыл.

Иран бийлиги акыркы айларда адамзатка каршы кылмыштарга барабар мыйзам бузууларды жасаганын БУУнун эксперти Жавид Рехман билдирди.

Ал 20-мартта уюмдун Женевадагы Адам укуктары кеңешинде баяндама жасады. Рехман өз пикирин Ирандагы өлүм жазасы, камоолор, кыйноо, зордуктоо, зомбулук жана куугунтуктоо фактыларына таянып айтты.

Рехман былтыр сентябрда хижаб оронуу эрежесин бузганы үчүн кармалып, адеп-ахлак полициясында көз жумган 22 жаштагы студент кыз Махса Амини ур-токмокко кабылганына далилдер бар экенин белгиледи. Күч органдары Амини полициянын токмогунан эмес, өнөкөт оорусунан көз жумганын маалымдаган.

Рехман январдан бери өлкөдөгү "адилетсиз соттук териштирүүлөрдө" 143 адам өлүм жазасына тартылганына тынчсыздануусун билдирди.

Иранда былтыр Амининин өлүмүнөн кийин жапырт нааразылык акциялары тутанып, бийлик аны күч менен басууга аракет кылганда жүздөгөн активист кармалган. Алардын айрымдары өлүм жазасына тартылды. Өлкөдө каршылык акциялары түрдүү формаларда уланып жатат.

Тегеран өлкөдөгү нааразылыктар үчүн Батышты күнөөлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG