Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Өзбекстандын Сох анклавында Нооруз майрамы белгиленди


Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы. Архив.
Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы. Архив.

Эки элдин ымаласын бекемдөөгө багытталган майрамдык иш-чарага Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондорунун жетекчилиги баш болгон өкүлдөр катышты. Тараптар кошуна аймактарда тынчтыкты, достукту чыңдоо, туруктуулукту эки тараптуу камсыз кылуу, чарбалык маселелер жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү макулдашты.

Акыркы жылдары кыргыз-өзбек чек араларында талаш-тартыштар азайып, каттамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн. Соода-сатык мамилелер жөнгө салынган. Сох анклавынын жашоочулары майрамдык иш-чараларды биргелешип белгилөө эки элдин мамилесин бекемдей турганын айтышты.

Өзбестандын Сох анклавы Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен 100 чакырымдай аралыкта чектешет. Мурдараак анклавдын айланасындагы чек аралардын кээ бир бөлүктөрү тактала элек болгонунан чыр-чатактар тез-тез кайталанып, ары-бери өтүү кыйын болчу.

2021-жылы 1-апрелде Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери ачылган.

Жогорку Кеңеш былтыр ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG