Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Экзит-полл: Казакстандагы шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыкты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстанда 19-мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийинки экзит-поллдун жыйынтыгы жарыяланды. Үч институттун экзит-поллуна ылайык, шайлоого катышкан жети партиянын кеминде бешөө парламентке өтүү үчүн зарыл болгон 5 пайыздык босого чекти багындырды.

“Евразиялык интеграция институтунун” экзит-поллу көрсөткөндөй, бийликтеги “Аманат” партиясы жалпы добуштардын 53,46%, “Айыл” партиясы 10,52%, “Республика” партиясы 8,9%, "Ак жол" 7,87%, Казакстандын элдик партиясы 6,25%, ЖСДП - 5,31%, “Байтак” 3,22%, “Баарына каршы” деген графа 4,47 пайызын алды.

“Демократия институту” менен “Социс-А” институтунун экзит-поллдору да “Аманат” жалпы добуштардын жарымынан көбүн топтогонун, андан кийинки орундарга бийликке лоялдуу “Айыл” жана “Республика” партиялары чыкканын көрсөтүүдө.

Казакстандын Борбор шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Азырынча бир мандаттуу округдарда кимдер жеңүүчү болгону да так белгисиз.

Жекшембидеги шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54,19 пайызы катышты. Көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде бюллетендерди тобу менен урнага салган жана бир адам бир нече жолу добуш берген учурлар кеңири катталганын билдиришти.

Шайлоо өтүп жаткан маалда Астанада бир нече активист кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Баш мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, парламенттин төмөнкү палатасына же мажилиске шайлоо 2004-жылдан бери биринчи жолу пропорционалдык системадан тышкары мажоритардык система менен да өттү. Парламенттин 69 депутаты (70 пайызы) партиялык тизме менен, 29у (30 пайызы) бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Бийликтеги "Аманат" партиясы буга чейин "Нур Отан" деп аталып келген. Кезинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген бул партиянын аталышын учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы "Аманат" деп өзгөрткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG