Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Украинанын бийлиги Путиндин Мариуполго барганын сындады


Орус президенти "Мариуполдун тургундары менен жолугуп жатканын көрсөтөт" деген видеодон алынган сүрөт. Орус мамлекеттик медиасы жарыялаган бул видеонун чын-бышыгын аныктоо мүмкүн боло элек.
Орус президенти "Мариуполдун тургундары менен жолугуп жатканын көрсөтөт" деген видеодон алынган сүрөт. Орус мамлекеттик медиасы жарыялаган бул видеонун чын-бышыгын аныктоо мүмкүн боло элек.

Украинанын бийлик өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Мариупол шаарына барганын кескин сынга алышты. Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "кылмышкер дайыма кылмыш орун алган жерге кайтып барат" деп Твиттерге жазды.

"Цивилизациялуу дүйнө "согуштун башчысын" (В.В. Путин) чек арадан өтүп калса кармагыла деп жарыялап жатканда Мариуполдогу миңдеген үй-бүлөлөрдү өлтүргөн киши шаардын урандыларына жана мүрзөлөргө суктанайын деп келди", - деп билдирди Подоляк.

Аны улай Украинанын Коргоо министрлиги Путин Мариуполго "түн жамынып ууруларча" барганын, бул ал үчүн коопсузураак жол болгонун Твиттерге жазды.

Орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарынын бозгундагы жергиликтүү кеңеши да Путиндин сапарын кескин сындады.

"Эл аралык кылмышкер Путин оккупациядагы Мариуполго барыптыр. Ал "шаарды кайра курууну" түн ичинде көрдү. Балким анын "боштондук" күчтөрү өлтүрүп, талкалаган шаарды күндүз көрбөйүн деген чыгар", - деп айтылат шаардык кеңештин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарына барганын 19-мартта Кремлдин расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Мариуполго тик учак менен барып, шаардын бир нече районун автоунаа менен кыдырган. Путинди орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин коштоп жүргөн.

Расмий маалыматта айтылгандай, Путин "яхта клубунун жээгин, театрдын имаратын, шаардагы тарыхый жерлерди кыдырып, Невский проспектисинде жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн." Кремлге ыктаган телеканалдар Путиндин "Мариуполдун тургундары менен сүйлөшүп жатканы" тартылган видеолорду көрсөтүштү.

Бул Путиндин былтыр 24-февралда согуш башталгандан бери Украинадагы орус күчтөрү көзөмөлдөп турган аймактардагы алгачкы сапары.

Орусия Мариуполду 2022-жылдын май айында узакка созулган кармаштардан кийин басып алган. Орус күчтөрү шаарды артиллериядан тынымсыз аткылап, калаадагы инфраструктураны дээрлик толук талкалаган.

Путин Мариуполго чейин ишемби күнү Крым жарым аралына барганы кабарланган. Андан бир күн мурда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоо ордерин чыгарган. Буга Кремлдин украиналык өспүрүмдөрдү Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG