Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Ботаникалык бак илимдер академиясынын курамында калат


Садыр Жапаров Ботаникалык бакка барды. 18-март, 2023, Бишкек
Садыр Жапаров Ботаникалык бакка барды. 18-март, 2023, Бишкек

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы жана реконструкциялоо пландары менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаровго бакты реконструкциялоо долбоорунун алкагында маалымат берилип, анын аймагындагы эки кабаттуу административдик, бир нече чарбалык имараттар, трансформатордук көмөкчордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объекттер оңдолору айтылды. Ботаникалык бактын кызматкерлери жүргүзүп жаткан илимий иштери тууралуу да айтып беришти.

Президент Садыр Жапаров Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирди.

Мамлекет башчысы алгачкы этапта Горький көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын филиалын (5 гектар) реконструкциялоону тапшырды. Ал аталган бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин белгилеген.

Ботаникалык бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланат. Анын маселеси көптөн бери талаш-тартыш жаратууда. Парламентте бакты Илимдер академиясынын балансында калтыруу керек деген чечим чыккан. Айрым депутаттар эгер мекеме академиянын карамагынан чыгарылса жеке колго өтүп, жери сатылып, курулуш жүрө баштайт деген чочулоосун айтышкан жана каржылоо булагын эмес, көлөмүн гана өзгөртүп, жетиштүү деңгээлге чыгаруу зарылдыгын белгилешкен.

Буга чейин Бишкек мэриясы Ботаникалык бакты алууну өкмөттөн суранганын билдирип, чет жакасын ирээтке келтирүүнү көздөп жатканын, тегерегиндеги тосмолорун алуу керектигин айткан.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар, анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашканы айтылган.

Каржылоо жетишсиз болгондуктан сейил бакта жыл сайын өрт чыгып, сугат жана коопсуздук маселеси чечилбей келет, уруп-сабоо, тоноо кылмыштары менен катар адам өлтүрүү фактылары да катталган. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG