Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Санарип министрлиги: IT адистер бизге абадай керек экенине ынандык


Индира Шаршенова.
Индира Шаршенова.

Кыргызстан бүгүнкү күндө программист адистерге абдан муктаж болуп жатканын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алмашуу министринин орун басары Абдулла Нассер Лута менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 17-мартта билдирди.

“Мындан 5-6 жыл мурда биз IT адистер канчалык зарыл экенине өзгөчө маани берген эмеспиз. Азыр болсо IT адистери бизге абадай керек экендигине ынандык”, - деди Индира Шаршенова.

Ал Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, өлкөдөгү IT адистердин кошуп жаткан салымын белгиледи.

Кыргыз тарап БАЭ демилгеси менен ишке ашып жаткан One Million Coders программасына кызыгуусун билдирди. Бул программа жогорку технологиялык экономиканын жана жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө болгон креативдүү кадрларды, техникалык инновацияларды даярдайт.

Жолугушууда эки өлкөнүн бул багытта кызматташтыгын арттыруу керек экени белгиленди.

2020-жылдан бери Кыргызстанда “Ар бир үй-бүлөдөн бирден программист” долбоору ишке ашырылып келе жатат. Программалык камсыздоону жана тейлөөнү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын бул демилгесинин максаты программалоого коммерциялык негизде акча төлөп окуй албаган кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү. Ассоциация 2030-жылга чейин 50 миң адисти даярдоону максат кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG