Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Түркия: зилзала чыгымы 100 млрд. доллардан ашты


Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттери.
Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттери.

17-мартта Түркиянын Казына жана каржы министрлиги 6-февралда катталган катуу жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лира (103,6 миллиард доллар) экенин жарыялады.

"Кылым каргашасынын өлкөбүзгө келтирген чыгымы болжол менен 2 триллион лираны (103,6 миллиард доллар) түздү, бул 2023-жылга карата улуттук кирешебиздин болжол менен 9 пайызына туура келет. Бул 1999-жылдагы Мармара зилзаласына салыштырмалуу болжол менен алты эсе көп материалдык зыянга учураганыбызды көрсөтүп турат", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Түркиянын 11 аймагында катталган табыгый апааттан бери 40 күн өттү. Расмий Анкара зилзала курмандыктары 48 миңден ашканын билдирди. Алардын 6 миң 660ы чет өлкөлүктөр. Дээрлик көпчүлүгү сириялыктар.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барып, 21-февралда кайтып келген. Алар Түркиянын зилзаладан катуу жабыр тарткан Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштеди. Жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 182 адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Сирияда зилзаладан 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Миллиондогон жаран эвакуацияланган, айрымдары чатырларда баш калкалап жатат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG