Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Вашингтон менен Москва кулаган дрондун айланасында талашууда


MQ-9 дрону. Архивдик сүрөт
MQ-9 дрону. Архивдик сүрөт

Кремль АКШ менен мамилелер “өтө аянычтуу абалда” экенин, мындай төмөн деңгээлде болуп көрбөгөнүн билдирди. Мунун алдында Кара деңиз үстүндө америкалык дрон кулап түшүп, Вашингтон ал үчүн орусиялык согуш учактарын айыптаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков инцидент АКШнын жогорку жетекчилиги менен талкууланбаганын, бирок Москва конструктивдүү диалогго катышуудан баш тартпасын журналисттерге билдирди.

АКШнын аба аскердик күчтөрү MQ-9 аппараты эл аралык аба мейкиндигинде кадыресе байкоо-чалгындоо ишин аткарып жүргөнүн, аны орус учактары курчоого алып, пропеллерине тийгенде дрон кулап түшкөнүн маалымдаган.

Орусия айыптоону четке кагып, жабдык маневр жасаганда кулаган болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Бул окуяга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментине Орусиянын элчиси Анатолий Антонов чакыртылган.

Вашингтон кыйраган дронду өздөрү да, орустар да таба электигин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG