Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:02

Орусияда беш жашар тажик кызды зордуктап өлтүргөн киши 24 жылга кесилди


Хувайдо Тиллозода
Хувайдо Тиллозода

Москва облусунун соту беш жашар тажикстандык кыз Хувайдо Тиллозоданы зордуктап өлтүргөндүгү үчүн Александр Семин деген кишини 24 жылга кести. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кыздын атасы Абдусалом Саидовго шилтеме менен жазды. Ал "кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратуу керек" деп эсептеп, өкүмдү сотто талашарын айтты.

Окуя 2018-жылдын 18-июлунда болгон. Кызды Москванын четиндеги Серпухов шаарында короосунда ойноп жүргөн жеринен уурдап кетишкен. Үй-бүлөсү жана ыктыярчылар аны 24 саат издеп, сөөгүн темир жол станциясынын жанынан табышкан. Экспертиза Хувайдо зордукталгандан кийин бычакталганын аныктаган.

Кылмыш үчүн кошунасы Александр Семин кармалган. Ага жергиликтүү тургундар ага чейин да даттанганы ачыкка чыккан. Бирок полиция ал окуяларга байланыштуу Семинге кылмыш иш ачкан эмес.

Айыпталуучу психиатриялык клиникада жаткандыктан, тажик кыздын өлүмү боюнча сот жараяны бир нече жылга создугуп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG