Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору 17-19-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Өтмөк ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 70-107-чакырымында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолундагы Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда, Арал-Миң- Куш автоунаа жолунун 1-14-чакырымында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

16-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.

Бишкекте мезгил-мезгили жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG