Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

Дума жалданма согушкерлер тууралуу "жалган айткандарды" жоопко тарткан мыйзам кабыл алды


"Вагнерчилер" Украинанын Донецк облусунда. 2-март, 2023-жыл.
"Вагнерчилер" Украинанын Донецк облусунда. 2-март, 2023-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 14-марттагы жыйында Украинадагы согушта жалданма согушкерлер менен ыктыярчыларга көлөккө түшүргөндөр жана алар тууралуу жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун акыркы, үчүнчү окууда кабыл алды. Документтер Думанын маалымат базасына жарыяланды.

Эми ыктыярчылар жана жалданма согушкерлер тууралуу андай маалыматтарды тараткандар жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Думанын спикери Вячеслав Володин: «Бүгүнкү күндө өз өмүрүн тобокелге салып, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздаган ар бир адам чагым жана калптан корголгон», - деп жазды Телеграм-каналына. Володиндин айтымында, мыйзамда эң жогорку жаза 15 жылга эркинен ажыратуу каралган. Думанын маалымат базасындагы документтерде бул тууралуу айтылбайт.

Башка ыктыярчы бөлүктөр менен катар “Вагнер” тобунун жалданма жоокерлерине да былтыр февралда кабыл алынган орус армиясын дискредитациялоо боюнча мыйзамдын нормалары иштейт.

Орусиянын соттору согуш тууралуу расмий маалыматтарга карама-каршы келген ар кандай маалыматты каралоо жана атайлап жалган таратуу деп тааныйт. Атап айтканда, ыктымал согуш кылмыштары, жарандык жайларга сокку уруу жана карапайым калк арасындагы жоготуулар тууралуу маалыматтар кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG