Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

Казакстанда сот Январь окуяларына айыпталган активистти актады


Кайрат Султанбек, Жанмурат Аштаев жана Лаззат Досмамбетова. Чымкент, 13 июль 2022 -жыл.
Кайрат Султанбек, Жанмурат Аштаев жана Лаззат Досмамбетова. Чымкент, 13 июль 2022 -жыл.

Казакстандын Жогорку Соту 14-мартта активист Жанмурат Аштаевди актады. Ал өткөн июлда Январь окуялары маалында башаламандыкка катышкан деген айып менен үч жылдан ашуун мөөнөткө кесилген. Сот ошондой эле өкмөткө каршы акциялардын катышуучуларына жарыяланган мунапыска активист Лаззат Досмамбетова да илиниши керек деп тапты. Ал Аштаев менен кошо соттолгон. Бул иш боюнча күнөө тагылган Кайрат Султанбек буга чейин мунапыс менен чыккан.

Ушул эле күнү Алматыда Наурызбай районунда шаардык аэропортту басып алуу иши боюнча соттук угуулар башталды. Бул иште активист Айгерим Тлеужан, мурдагы тарых мугалими Калас Нурпеисов жана дагы үч киши шектүү катары өтүүдө.

Тлеужандан башкалары былтыркы жаздан бери тергөө абагында кармалып келатат. Шектелгендер айып жалган маалыматтарга негизделгенини айтууда.

Алардын бири Нурлан Далибаев: "Биз мамлекеттик жайды кыйраткан эмеспиз. Орус аскерлери кирип келип, бардыгын талкалашат деп чочулаганбыз", - деп айтты.

Негизги соттук териштирүү 30-мартка белгиленди.

Кошуна өлкөдө суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Казак бийлиги окуяларды эл аралык деңгээлде иликтөөгө каршы чыккан. Президенттик шайлоонун алдында бийлик “оор” кылмыш жасабагандарга мунапыс жарыялады.

Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" (HRW) билдиргендей, Январь окуяларында казак бийликтери адамдардын курман болгонуна жана башка адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу натыйжалуу тергөөнү дагы эле жүргүзө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG