Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Кытай пандемиялык чектөөлөрдөн кийин чет элдиктерге виза бере баштайт


Шанхай. 23-декабрь, 2022-жыл.
Шанхай. 23-декабрь, 2022-жыл.

15-марттан тарта Кытай чет элдиктерге виза берүүнү жандантат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 2020-жылы COVID-19 илдетине байланыштуу визага чектөө киргизилген. Ошол жылдын 28-мартына чейин виза алган чет элдиктер аларды колдоно алат. Ошондой эле круиз кемелер менен саякаттагандар Шанхайга кайрадан визасыз кирсе болот.

Пандемия башталганда Кытай тышкы дүйнөдөн обочолонгон, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чектөөлөр киргизилген. Былтыр жыл этегинде расмий Бээжин COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатынан баш тартты. Ошол эле маалда ноябрда коронавируска чалдыккандардын рекорддук саны катталган.

COVID-19 илдетине кабылган биринчи бейтап 2019-жылдын аягында Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун пандемиясын жарыялаган. Ошондон бери дүйнөдө инфекцияны 700 миллион киши жуктуруп алды. Илдеттен каза тапкандар 7 миллионго жакындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG